ОшТУда «Сежоң Хагдан» корей борбору жаңы студенттерди кабыл алды
Билим АКИpress - Ош технологиялык университетинде «Сежоң Хагдан» корей борбору 2026- жылдын жазгы семестрине жаңы студенттерди жана окуучуларды кабыл алды.
Борбордо башталгыч корей тил курсуна каттоо аяктап, жазгы семестрдин салтанаттуу ачылыш аземи өткөрүлдү. Иш-чарага окуу жайдын Сырткы байланыштар жана өнүктүрүү боюнча проректор, ф.и.д., профессор А.Т. Акматалиев, борбордун окутуучулары жана студенттери катышты.
Ачылыш аземи концерттик программа менен коштолуп, корей элинин улуттук ыр-бийлери аткарылды.
Белгилей кетсек, Ош технологиялык университетинде «Сежоң Хагдан» корей борбору 2008-жылы ачылып, бүгүнкү күндө корей улутундагы адистер эмгектенип, студенттерге корей тилин үйрөтүп келишүүдө.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

