Кыргызстан менен Россиянын Агартуу министрликтери КР мектептерине окуу китептерин жеткирүүнү талкуулашты
Билим АКИpress - Агартуу министрлигинде Россиянын Агартуу министрлиги менен орус тили жана адабияты боюнча окуу китептерин адаптациялоо жана жеткирүү маселелерине арналган видеоконференция өттү.
Видеоконференцияга Кыргызстандын агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова, «Окуу китеби» басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматов, ошондой эле Россия нын Агартуу министрлигинин жана «Просвещение» басма үйүнүн өкүлдөрү катышты.
Талкуунун жүрүшүндө орус жана кыргыз тилдеринде окутуу жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 3, 4, 6 жана 8-класстары үчүн орус тили жана адабияты боюнча окуу китептерин адаптациялоо жаатында жүргүзүлүп жаткан иштердин учурдагы абалы каралды.
2025-жылдын күзүндө Россиянын Агартуу министрлиги Кыргызстандын окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептердин 1, 2, 5 жана 7-класстары үчүн «Русский язык и чтение» жана «Русский язык» предметтери боюнча 651 миң окуу китебин жеткиргени айтылды.
Ошондой эле жолугушуунун алкагында калган окуу китептерин жеткирүү этаптары да каралды. Анын ичинде кыргыз тилинде окутуу жүргүзүлгөн мектептердин 1, 2 жана 5-класстары үчүн «Русский язык и чтение» предмети, окутуу орус тилиндеги мектептердин 5 жана 7-класстары үчүн «Русская литература» окуу китептери жана окутуу кыргыз тилиндеги мектептердин 7-класстары үчүн «Русская и мировая литература» окуу китептери бар.
Мындан тышкары, видеоконференциянын катышуучулары белгиленген окуу жүктөмүн сактоо зарылдыгын, окуу китептеринин учурдагы билим берүү стандарттарына шайкештигин камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле материалдарды макулдашуу, иштерди аяктоо жана окуу китептерин билим берүү процессине этап-этабы менен киргизүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашты.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

