Жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү жогорку жыйынтыкка жетти

2026-жылдын 7–8-февралында Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында өткөн жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү жогорку жыйынтыктарга жетишишти. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Мелдештин жүрүшүндө спортчулардын бири 3000 метр аралыкка чуркоодо 8 мүнөт 23 секунд жыйынтык көрсөтүп, бешинчи орунду ээледи. Ошондой эле 1500 метр аралыкта 3 мүнөт 54 секунд жыйынтык менен чуркап өтүп, Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамын аткарды.

«Бул жетишкендиктер Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрү ар кайсы тармакта, анын ичинде спортто да жогорку ийгиликтерге жетишип жатканын далилдейт. Ош технологиялык университети спортчуларыбызды бул ийгиликтери менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы спорттук ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт», - деп айтылат маалыматта. 

 

 

Кыргызский спорт в Инстаграме @sport.akipress

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть