ОшТУнун командасы Digital4Climate.KG хакатонунда 2-орунду багындырды

Ош технологиялык университетинин GreenVUZ командасы Digital4Climate.KG хакатонунун финалдык этабында ийгиликтүү чыгып, 2-орунду ээлеп, 5 000 АКШ долларын утуп алды.

Өлкөнүн Баткен, Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарынан жана Бишкек шаарынан келген 20 күчтүү команда Кыргызстандын УДАС 3.0 алкагындагы климаттык милдеттенмелерине ылайык санариптик чечимдерин сунушташты. Финалга өткөн ОшТУнун GreenVUZ клубунун командасы «Tree Tracker» аттуу инновациялык долбоорун тааныштырды.

Долбоор шаардык жана аймактык деңгээлде жашыл дарактарды санариптик инвентаризациялоо, алардын абалын мониторинг жүргүзүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттерди күчөтүүгө багытталган.

«GreenVUZ командасынын бул жетишкендиги жаштардын экологиялык инновацияларды иштеп чыгуудагы жогорку потенциалын жана ОшТУнун туруктуу өнүгүү багытындагы ишмердүүлүгүн дагы бир жолу далилдеди», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында. 

 

АКИpress в YouTube — подпишись!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть