ОшТУда студенттер менен Ооган согушунун ардагерлери жолугушту

Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин Коомдук жана табигый илимдер борборуна караштуу Коомдук илимдер предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан Афган согушуна 37 жыл толушуна карата тарбиялык маанидеги конок лекция уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты — тарыхый окуяларды эске салуу, жаш муундарга тынчтыктын баалуулугун түшүндүрүү жана мекенчилдик, патриоттук сезимди калыптандыруу.

Лекцияга Афган согушунун ардагерлери Курманбек Токтосунович, Беделбай Бургобаевич жана Райимжан Кадырович катышып, согуштун тарыхы, анын оор сыноолору жана жоокерлердин кайратмандыгы тууралуу студенттерге таасирдүү баяндама жасашты. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер суроолорун берип, ачык пикир алышуу болду.

Иш-чаранын соңунда ардагерлерге жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык баракчалар ыйгарылды. Мындай жолугушуулар студенттерди мекенчилдикке, патриоттуулукка жана тарыхты урматтоого үндөйт.

 

Криминал и происшествия в Телеграм-канале @svodka_akipress

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть