Ош технологиялык университетинде аспирантураны аяктаган аспиранттарга окууну бүтүргөндүгүн тастыктоочу сертификаттар тапшырылды.
Сертификаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы №358 токтому менен бекитилген жобонун негизинде 2025-жылдын 25-декабрында аттестациялык сынактан ийгиликтүү өткөн аспиранттарга берилди. Сертификаттарды университеттин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев кезектеги административдик кеңештин жыйынында расмий түрдө тапшырды.
Ошондой эле 2025–2026-окуу жылында РГАИС программасы боюнча аспиранттар 3 айлык онлайн курстан өтүштү. Жыйынтыгында 4-курстун аспиранты Каратаева Жазгүл интеллектуалдык менчик боюнча эссе сынагында I орунду ээлеп, Сочи шаарында өтүүчү аспиранттардын эл аралык жайкы академиясына бир жумалык жолдомо утуп алды.
Мындан сырткары, курсту ийгиликтүү аяктаган аспиранттар тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

