ОшТУда айымдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Ош технологиялык университетинде 8-март — Аялдардын эл аралык майрамына карата окуу жайдын кесиптик бирлик комитетинин кубогуна арналган айымдар арасында волейбол мелдеши уюштурулду.

Спорттук иш-чарага университеттин ректору Жанболот Турсунбаев, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Э.Тиленбаева, жалпы бөлүмүнүн башчысы Ш.Маразаков, окутуучулар жана күйөрмандар катышты.

Иш-чараны ректор Жанболот Турсунбаев ачып берип, катышуучу айымдарды майрамы менен куттуктап, мелдешке ийгилик каалады. Ошондой эле кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Э.Тиленбаева сөз сүйлөп, спорттук иш-чаралар жамааттын биримдигин бекемдеп, сергек жашоо образын жайылтууда маанилүү экенин белгиледи.

Мелдешке институттардан жана колледжден жалпы 8 команда катышып, кызыктуу жана атаандаштыкка бай оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында I орунду Гуманитардык-технологиялык колледжинин 1-командасы, II орунду административдик башкаруу персоналынын курама командасы, III орунду Гуманитардык-технологиялык колледжинин 2-командасы ээледи.

Жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга кесиптик бирлик комитети тарабынан дипломдор, кубок, акчалай жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

 

Криминал и происшествия в Телеграм-канале @svodka_akipress

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть