ОшТУда студенттер арасындагы предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланды

Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде студенттер арасындагы предметтик аралык олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Иш-чара Билим берүүнүн сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан уюштурулду. Жыйынтыктын негизинде олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген студенттерге дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылып, аларды даярдаган жетекчилерине мактоо баракчалары ыйгарылды.

Бул иш-чара студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле илимий-билим берүү ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Олимпиаданын жүрүшүндө студенттер ар түрдүү предметтер боюнча билимдерин көрсөтүп, аналитикалык жана чыгармачылык ой жүгүртүүсүн сынай алышты.

 

Кыргызский спорт в Инстаграме @sport.akipress

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть