Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинде студенттер арасындагы предметтик аралык олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлдү.
Иш-чара Билим берүүнүн сапаты, аккредитация жана лицензиялоо бөлүмү тарабынан уюштурулду. Жыйынтыктын негизинде олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген студенттерге дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылып, аларды даярдаган жетекчилерине мактоо баракчалары ыйгарылды.
Бул иш-чара студенттердин билим деңгээлин жогорулатууга, алардын чыгармачылык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле илимий-билим берүү ишмердүүлүгүнө болгон кызыгуусун арттырууга багытталган. Олимпиаданын жүрүшүндө студенттер ар түрдүү предметтер боюнча билимдерин көрсөтүп, аналитикалык жана чыгармачылык ой жүгүртүүсүн сынай алышты.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

