ОшТУда жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош технологиялык университетинде гуманитардык-технологиялык колледжинин Программалоо жана маалыматтык инновациялар предметтик- циклдик бирикмеси тарабынан студенттер жана окутуучулар үчүн түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду.

Иш-чарага Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери катышып, гепатит В, С жана ВИЧ ооруларынын алдын алуу боюнча маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө дарыгерлер аталган оорулардын таралуу себептери, катталган учурлары, кооптуулугу, эмдөө мүмкүнчүлүктөрү жана алдын алуу жолдору тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти. Ошондой эле ден соолукту сактоо, өз убагында текшерүүдөн өтүү жана жугуштуу оорулардан коргонуу боюнча пайдалуу кеңештер айтылды.

Аталган иш-чарага окуу жайдын жетекчилиги да катышып, студенттердин саламаттыгын коргоо жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча мындай маалыматтык жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгилешти.

 

Кыргызский спорт в Инстаграме @sport.akipress

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть