ОшТУда PhD докторанттар үчүн илимий ишмердүүлүктүн негизги талаптары боюнча жолугушуу өткөрүлдү

Ош технологиялык университетинде 520500 – Картография жана геоинформатика жана 640200 – Электроэнергетика жана электротехника багыттары боюнча PhD докторанттар үчүн илимий ишмердүүлүктүн негизги талаптарына арналган жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө илимий этиканын принциптери, академиялык ак ниеттүүлүктү сактоо, антиплагиат системасын туура колдонуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле эл аралык илимий басылмаларда, өзгөчө Scopus базасына кирген журналдарга макала даярдоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Иш-чарада илимий макаланын түзүмү, изилдөөнүн жаңычылдыгын негиздөө, сапаттуу илимий макала даярдоонун негизги этаптары боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Докторанттар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө академиялык жана этикалык талаптарды сактоонун маанилүүлүгү белгиленди.

 

События в Центральной Азии и в мире в Телеграм-канале @centralasiamedia

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть