ОшТУнун студенттери интеллектуалдык таймашка катышты

Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында Кыргыз Республикасынын президентинин «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгын ишке ашыруунун алкагында «Тамырыбыз терең — канатыбыз бийик» аттуу интеллектуалдык таймаш  өткөрүлдү.

Иш-чарага ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин «Хан Манас» командасы жана ОшМУнун финансы-юридикалык колледжинин «Уңгужолу — улуу багыт» командасы катышты.

Таймаш бир нече этаптан туруп, катышуучулар саламдашуу, логикалык жана аналитикалык суроолорго жооп берүү, улуттук баалуулуктарды тааныштыруу жана чыгармачылык тапшырмалар боюнча күч сынашты. Иш-чарага конок катары Г.Зикирова, Б.Зикирова, Ч.Нурдинова жана Г.Элинова катышты.

Белгилей кетсек, бул жаңы форматтагы долбоордун автору жана ишке ашыруучусу — ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучусу Надилбек кызы Бегимай.

Жыйынтыгында «Уңгужолу — улуу багыт» командасы жеңүүчү деп табылды.

 

АКИpress в сети Х — подпишись!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть