ОшТУнун студенттери Ташкент шаарында академиялык мобилдүүлүк программасына катышты

Ош технологиялык университетинин студенттери жана окумуштуу окутуучулары Ташкент шаарындагы алдыңкы жогорку окуу жайларда академиялык мобилдүүлүк программасына катышты.

Программанын алкагында И.Каримов атындагы Ташкент мамлекеттик техникалык университети, Мухаммед аль-Хорезми атындагы Ташкент маалымат технологиялар университети жана Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан улуттук университетинде конок лекциялар уюштурулду.

Иш-чарага ОшТУнун Инновация жана маалымат технологиялар институтунун программа жетекчиси, техника илимдеринин доктору, профессор Н.А.Мойдуновч, техника илимдеринин кандидаты, профессор  Н.А.Сопубеков, ошондой эле Экономика жана башкаруу институтунун профессору, физика-математика илимдеринин кандидаты  А.Ж.Артыков катышышты.

Мындан сырткары, ИКТиСС жана БИ багытындагы студенттер активдүү катышып, Ташкент мамлекеттик техникалык университетинин базасында сабактарга катышып, билимдерин тереңдетишти.

Он күнгө созулган академиялык мобилдүүлүк программасынын жыйынтыгында катышуучулар конок лекцияларды ийгиликтүү аяктап, тиешелүү сертификаттарга ээ болушту.

 

За последними событиями следите через нашу страницу в Фейсбуке

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть