ОшТУда коопсуз эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

2026-жылдын 9-апрелинде Ош технологиялык университетинде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору тарабынан маалыматтык-түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин демилгеси менен уюштурулуп, коопсуз эмгек миграциясын камсыз кылуу, мыйзамсыз миграциянын алдын алуу жана жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу тартиптери тууралуу кеңири маалымат берүүгө багытталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө адистер эмгек миграциясынын актуалдуу маселелери, чет өлкөдө мыйзамдуу иштөө мүмкүнчүлүктөрү, эмгек келишимдеринин өзгөчөлүктөрү жана жарандардын укуктарын коргоо тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти. Ошондой эле катышуучуларга маалыматтык-консультациялык колдоо көрсөтүлүп, кызыктырган суроолоруна жооптор берилди.

«Иш-чарага университеттин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери активдүү катышып, коопсуз миграция багытында маанилүү маалыматтарды алышты. Мындай жолугушуулар жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана чет өлкөдө эмгектенүүдө туура багыт алууга өбөлгө түзөт», - деп айтылат окуу жайдын маалыматында. 

 

За последними событиями следите через нашу страницу в Фейсбуке

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть