ОшТУ менен Фергана мамлекеттик университети өткөргөн илимий-практикалык конференцияга 5 өлкөнүн илимпоздору катышты

2026-жылдын 10-12-апрель күндөрү Өзбекстан Республикасынын Фергана мамлекеттик университетинде «Борбордук Азия: аймактык кызматташтыктын жана өнүгүүнүн келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Иш-чара Ош технологиялык университети менен биргеликте уюштурулду. Конференцияга Афганистан, Нигерия, Россия, Өзбекстан жана Кыргыз Республикасынын илимпоздору жана окумуштуулары катышып, аймактык кызматташтык жана өнүгүү маселелерин талкуулашты.

Ош технологиялык университетинин экономика жана башкаруу институтунун Финансы жана кредит кафедрасынын профессору Убайдуллаев Мирланбек жана доцент Алтынбек Батыр уулу конференцияга активдүү катышып, илимий докладдарын сунушташты.

Ошондой эле иш-чарага студенттер да катышышты. Пленардык жыйынга профессор Убайдуллаев Мирланбек тең төрагалык кылып, конференциянын ишин уюштурууда активдүү роль аткарды.

Жыйынтыгында катышуучулар илимий пикир алмашуу жүргүзүп, аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маанилүү сунуштар берилди. Ошондой эле 2027-жылы аталган конференция Ош технологиялык университетинде өткөрүлөрү белгиленди.

 

АКИpress в Телеграме — подпишись!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
Видеоматериалдар
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть