Ош технологиялык университетинин «Жаштык» телестудиясынын материалдык- техникалык базасы чыңдалып, заманбап жабдуулар менен толук жаңыланды.
Окуу жайдын маалыматы боюнча, бул жаңылануу телестудиянын ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөт.
Иш-чарага ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев катышып, телестудиянын көп жылдык ишмердүүлүгүнө жогору баа берип, чыгармачыл жамаатка мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү да катышып, телестудиянын өнүгүшүнө карата өз каалоо-тилектерин билдиришти.
Белгилей кетсек, «Жаштык» телестудиясы 1996-жылы түзүлүп, быйыл өзүнүн 30 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ал Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ичинен алгачкылардан болуп түзүлгөн телестудиялардын бири болуп саналат жана бүгүнкү күндө студенттердин чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, университеттин ишмердүүлүгүн кеңири чагылдырууга зор салым кошуп келет.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

