Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, «Алтын түйүн» улуттук балдардын инженердик-техникалык академиясы тарабынан уюштурулган «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдары: Чыңгыз Айтматовдун идеялары жана келечектин технологиялары» аттуу эл аралык жаштар форумунун Ош облустук сынак туру Ош технологиялык университетинин базасында өткөрүлдү.
Сынакка райондордон жеңүүчү деп табылган окуучулар жетекчи мугалимдери менен келип катышышты.
Форумдун ачылыш аземине облустук балдар чыгармачылык борборунун директору А.Муратов, ОшТУнун илим жана инновация боюнча проректору Н.Т. Танаков жана Ош билим берүү институтунун өкүлдөрү катышып, сөз сүйлөштү. ОшТУнун илим жана инновация боюнча проректору Н.Т.Танаков форумдун ачылышы менен куттуктап, инженердик-техникалык багыттагы окуучулардын эмгектерине ийгиликтерди каалады.
Сынакка коюлган эмгектерди калыс баалоо иши ОБЧБ кызматкерлери жана ОшТУнун профессордук-окутуучулук курамынан түзүлгөн компетенттүү топ тарабынан жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында жеңүүчү болгон окуучулар ОшТУнун дипломдору, ыраазычылык каттары жана баалуу белектери менен сыйланышты. Байгелүү орунга ээ болгон окуучулар эл аралык форумда облус намысын коргошот.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

