Кечээ, 30-апрелде Ош шаарында кесипке багыт берүү жана бош жумуш орундар жармаңкеси өттү.
Иш-чараны Ош технологиялык университети демилгелеп, Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, Ош шаардык мэриясы, Миграциялык ресурстук борбор жана Ош бизнес ассоциациясы менен биргеликте уюштурду.
Жармаңкенин расмий ачылыш аземине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, Ош шаарынын мэриясы жана Ош технологиялык университетинин жетекчилиги катышып, жаштарга багыт берүү, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү менен өндүрүштүн байланышын чыңдоо боюнча маанилүү пикирлерин билдиришти.
Иш-чарага Ош технологиялык университетинин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү активдүү катышып, өздөрүнүн кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүлдү. Ошондой эле жумуш издеген жарандар жана ар түрдүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышып, түз байланыш түзүүгө, кызматташтыкты баштоого мүмкүнчүлүк алышты.
Жармаңкенин алкагында жумуш берүүчүлөр тарабынан бош жумуш орундар сунушталып, практикалык кеңештер берилди. Мындан сырткары мотивациялык жолугушуулар уюштурулуп, катышуучулар үчүн пайдалуу маалыматтар сунушталды.
Бул иш-чара Ош технологиялык университетинин студенттерди эмгек рыногуна даярдоодогу, алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуудагы жана иш берүүчүлөр менен туруктуу байланыш түзүүдөгү маанилүү кадамдарынын бири болуп калды.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

