Өзбекстанда ОшТУ менен ФерМУнун эл аралык конференциясы өттү

2026-жылдын 7–8-май күндөрү Өзбекстан Республикасында Ош технологиялык университетинин Кесиптик билим берүүнүн технологиясы кафедрасы жана Фергана мамлекеттик университети биргеликте I эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүштү.

Пленардык жыйында кафедра башчысы Бердибекова С.К. ОшТУнун санариптештирүү, технологиялык модернизация жана глобалдык билим берүү мейкиндигине интеграция багытындагы стратегиялык ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасап, бул демилге эл аралык деңгээлде жогору бааланды.

Иш-чарага Г.А. Зикирова да катышып, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана IT тармагындагы интеграция маселелерин талкуулады.

Конференцияда инновациялык педагогика, санариптик өнүгүү, робототехника жана маалыматтык технологиялар боюнча актуалдуу маселелер каралып, Кыргызстан, Өзбекстан, Россия, Казакстан, Малайзия жана Мароккодон окумуштуулар катышты.

 

АКИpress в Инстаграме — подпишись!?

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть