Ош технологиялык университетинин ректору Жанболот Турсунбаевдин «Маариф» фонду жана «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги менен расмий жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун негизги максаты билим берүү, илим жана академиялык мобилдүүлүк багытында эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо болуп саналат.
Талкууланган маанилүү маселелер:
- ОшТУнун студенттери үчүн «Маариф» фондунун мекемелеринде стажировка жана практикаларды уюштуруу;
- Биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу;
- Окутуучулар жана адистердин ортосунда тажрыйба алмашуу;
- Илимий-практикалык иш-чараларды биргеликте өткөрүү.
ОшТУнун ректору белгилегендей, мындай өнөктөштүк студенттер жана окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

