2026-жылдын 13-майында Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүн жайылтуу жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жарандардын туура аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу максатында жарандык коргонуу боюнча практикалык-көргөзмө сабак өткөрүлдү.
Иш-чара университеттин Өмүр тиричилик коопсуздугу кафедрасы, Жарандык коргонуу штабы жана Республикалык өзүнчө куткаруу отряды менен биргеликте уюштурулуп, ага студенттер, окутуучулар жана куткаруучулар активдүү катышты.
Сабактын жүрүшүндө адистер тарабынан өрт коопсуздугу, жер титирөө жана башка өзгөчө кырдаалдар учурундагы коопсуздук эрежелери боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Ошондой эле эвакуациялоо жол-жоболору жана биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги ыкмалары практикалык түрдө көрсөтүлдү.
Практикалык машыгууда шарттуу «жер титирөө» кырдаалы жарыяланып, студенттер менен окутуучулар эвакуациялык планга ылайык имараттан коопсуз аймакка чыгарылды. Куткаруучулар тобу тарабынан жабыркагандарды эвакуациялоо, куткаруу иштерин жүргүзүү жана алгачкы жардам көрсөтүү аракеттери көргөзмөлүү түрдө аткарылды.
Мындан сырткары Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын кызматкерлери тарабынан куткаруучулар колдонгон атайын техникалар жана шаймандар тааныштырылып, алардын колдонуу тартиби боюнча маалымат берилди.
Аталган иш-чара студенттердин жана окутуучулардын өзгөчө кырдаалдар учурундагы даярдыгын жогорулатууга, коопсуздук маданиятын калыптандырууга жана жарандык коргонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү бекемдөөгө багытталды.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

