Жогорку Кеңештин комитети ОшТУда көчмө жыйын өткөрдү

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин көчмө жыйынынын алкагында комитеттин төрагасы, мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары Ош технологиялык университетине иш сапары менен келишти.

Конокторду ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев тосуп алып, университеттин ишмердүүлүгү, билим берүү багыттары жана материалдык-техникалык базасы менен тааныштырды. Делегация окуу жайдагы заманбап аудиторияларды, лабораторияларды жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттарды көрүп чыгышты.

Андан соң Жогорку Кеңештин депутаттары университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана жетекчилери менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда ОшТУнун жетишкендиктери, өнүгүү багыттары, илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жана инновациялык долбоорлор тууралуу маалыматтар айтылды.

Ошондой эле билим берүү системасын өнүктүрүү, илим менен өндүрүштү интеграциялоо, жаштарды колдоо жана жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, суроо-жооп форматындагы талкуу уюштурулду.

 

Криминал и происшествия в Телеграм-канале @svodka_akipress

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть