ОшТУда «Ден соолук-2026» спартакиадасы өттү

Ош технологиялык университетинде Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан ЖОЖдор жана райондор арасында уюштурулган спорттун 7 түрү боюнча «Ден соолук-2026» спартакиадасы өткөрүлдү.

Спартакиадага Ош шаары жана 7 райондон келген командалар катышып, спорттук мелдештер жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чаранын ачылыш аземинде ОшТУнун ректору, профессор Ж.Ж. Турсунбаев катышуучуларга ийгилик каалап, спорт ынтымактын, сергек жашоонун жана достуктун символу экенин белгиледи.

Ошондой эле:

- Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын кеңешчиси Жунусов Абдыкадыр Арынович;

- Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн өкүлү Ысманалиев Акылбек Абдыкахарович;

- Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ош облусу боюнча өкүлү Саттаров Абсамат Эрмаматович;

- Кара-Суу райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Исраилова Нуржан Абдураимовна;

- ОшТУнун кесиптик бирлигинин төрайымы Тиленбаева Багдагүл Эргешовна куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Спартакиаданын жүрүшүндө катышуучулар спорттун жети түрү боюнча күч сынашып, ынтымакты, биримдикти жана сергек жашоого болгон кызыгууну даңазалашты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда ОшТУнун Маданий-эстетикалык борбору тарабынан концерттик программа тартууланды.

 

Кыргызский спорт в Инстаграме @sport.akipress

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть