ОшТУда коррупцияга каршы түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош технологиялык университетинде Технология жана жаратылышты пайдалануу институту тарабынан университетте коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында студенттердин укуктук маданиятын жогорулатуу, коррупциялык көрүнүштөргө карата терс мамилени калыптандыруу жана укуктук түшүнүгүн кеңейтүү максатында «Коррупция жана ага каршы күрөшүү» аттуу темада конок лекция-жолугушуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Шумкарбек Абдиев, милициянын лейтенанты Нуртажиев Б.А. жана аймактык ыйгарым укуктуу өкүл, милициянын улук лейтенанты Жаныш Торониязов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шумкарбек Абдиев коррупциянын коомго тийгизген терс таасирлери, анын алдын алуу жолдору жана мыйзамдык жоопкерчиликтер тууралуу кеңири маалымат берип, студенттерди мыйзамдуулукту сактоого, адеп-ахлактык баалуулуктарды бекем карманууга чакырды. Ошондой эле лекциянын соңунда студенттер тарабынан берилген суроолорго жооптор берилип, ачык пикир алышуу форматында суроо-жооп уюштурулду.

Аталган иш-чара студенттердин укуктук аң-сезимин жогорулатууга жана коррупцияга каршы туруктуу жарандык позицияны калыптандырууга багытталды.

 

АКИpress в YouTube — подпишись!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть