ОшТУ менен Япониянын уюмунун ортосунда кызматташтыктын жаңы барагы ачылды

Ош технологиялык университетине Япониядан Сока Гаккай Интернэшнл уюмунун расмий делегациясы иш сапары менен келди.

Иш сапардын максаты — билим берүү, илим жана маданият жаатында эл аралык байланыштарды кеңейтүү.

Делегациянын курамында: 

- Хадзимэ Мидзусима — Сока Гаккайдын тышкы байланыштар башкармалыгынын директорунун орун басары;

- Юсукэ Вакабаяси —  тышкы байланыштар бөлүмүн башчысынын орун басары;

- Сатиэ Митигути — расмий орус тили котормочусу.

Делегацияны ОшТУнун ректору, профессор Жанболот Турсунбаев тосуп алып, тараптар студенттер алмашуу, илимий долбоорлор жана маданий алмашуу боюнча кызматташууну талкуулашты.

Андан кийин «Маданияттар аралык диалог — тынчтык жана түшүнүшүүнүн көпүрөсү» аттуу эл аралык тегерек стол өттү. Анда профессор К.Зулпукаров, профессор М.А.Атакулова, доцент Б.А.Жаныбекова жана делегациянын өкүлдөрү баяндама жасашты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Сока Гаккай Интернэшнл ОшТУнун китепканасына Дайсаку Икеда менен Ч. Айтматовдун биргелешкен эмгектерин, ошондой эле япон классик жазуучуларынын 4 тилдеги китептерин белекке тапшырды. Бул китептер студенттер менен окутуучулар үчүн маанилүү илимий булак болот.

Бул жолугушуу ОшТУнун эл аралык аренадагы ордун бекемдөө жана студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу багытында маанилүү кадам болду.

 

АКИpress в YouTube — подпишись!

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть