2026-жылдын 18–19-май күндөрү Ош технологиялык университетинин гуманитардык- технологиялык колледжинин Энергетика предметтик-циклдик бирикмеси тарабынан ЭС, ЭстСС жана ЭАСХ багыттарынын бүтүрүүчү тайпалары үчүн өндүрүштүк-практикалык жана дуалдык окутуу сабактары уюштурулду.
Практикалык сабактардын алкагында студенттер Токтогул ГЭС, Курп-Сай ГЭС жана Таш-Көмүр ГЭСтеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, энергетикалык жабдуулардын иштөө процесстерин жеринде көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле студенттер үчүн Датка подстанциясына экскурсия уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Жалал-Абад электр тармактары» ишканасы менен кызматташуу келишими түзүлүп, мындан тышкары бир катар гидроэлектр станциялары менен дагы өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.
Аталган иш-чара студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруу, кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана дуалдык окутууну өркүндөтүү максатында уюштурулду.
Студенттерди практикалык сабактарга Энергетика предметтик-циклдик бирикмесинин башчысы Актан Нурмаматов жана гуманитардык-технологиялык колледжинин директору Төлөнбай Саадалов жетектеп барышты.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

