Жүрөк күнүнө карата ОшТУда медициналык акция өттү

17-май — Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата Ош технологиялык университетинде окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер үчүн акысыз медициналык акция уюштурулду.

Иш-чара университеттин медицина бөлүмүнүн башчысы Жээналиева Нурзиданын уюштуруусунда, Ош шаарынын №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгерлеринин катышуусу менен өткөрүлдү.

Акциянын негизги максаты жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу жана сергек жашоо образын жайылтуу болду. Кароонун жүрүшүндө катышуучулардын кан басымы жана кандагы канттын деңгээли текшерилип, гипертония, инфаркт, инсульт жана кант диабети сыяктуу оорулардын алдын алуу боюнча дарыгерлер тарабынан кеңештер берилди.

Медициналык кароо окутуучулар менен кызматкерлердин ден соолугуна кам көрүү жана оорулардын алдын алуу максатында уюштурулду.

 

Кыргызский спорт в Телеграм-канале @sport_akipress

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть