Ош технологиялык университетине Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян Гуанша курулуш инженериясы жана технология университетинин Дизайн институтунун директору Чжан Гуанвэй жетектеген расмий делегация иш сапары менен келди.
Конокторду окуу жайдын ректору, профессор Ж.Ж.Турсунбаев баштаган жетекчилик курам жылуу кабыл алып, эки тараптуу кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты.
Жолугушуунун алкагында төмөнкүдөй маанилүү макулдашууларга жетишилди:
• Стратегиялык өнөктөштүк: ОшТУ жана Чжэцзян Гуанша курулуш инженериясы жана технология университетинин ортосунда расмий кызматташуу келишимин түзүү чечими кабыл алынды.
• Заманбап лаборатория: ОшТУнун Архитектура жана курулуш институтунда «Интерьер дизайны» адистигинин студенттери үчүн акыркы үлгүдөгү долбоорлоо компьютерлери менен жабдылган өндүрүштүк-инновациялык лаборатория түзүлөт.
• Академиялык мобилдүүлүк: Эки окуу жайдын окутуучулары жана студенттери үчүн тажрыйба алмашуу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу жолго коюлат.
• Биргелешкен илим: Текст, курулуш жана дизайн чөйрөсүндө эл аралык деңгээлдеги илимий-изилдөө долбоорлорун биргеликте аткаруу макулдашылды.
Бул кызматташтык ОшТУнун студенттерине дүйнөлүк стандартка шайкеш келген билим алууга, заманбап технологияларды өздөштүрүүгө жана эл аралык деңгээлдеги адис болуп жетишүүсүнө жаңы кеңири жолдорду ачат.
Иш-чара ОшТУнун Кытай борборунун демилгеси менен ишке ашырылды.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

