ОшТУда туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча эл аралык илимий форум өттү

2026-жылдын 17-июнунда Ош технологиялык университетинде «Жогорку окуу жайларында Туруктуу өнүгүү максаттарын (SDGs) ишке ашырууда Европа, Түркия жана Борбордук Азиянын тажрыйбасы» аттуу эл аралык илимий форум болуп өттү.

Форумга Кыргызстан, Австрия, Казакстан, Түркия, Португалия жана Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышышты.

Форумдун ачылышында ОшТУнун илим жана инновациялар боюнча проректору, профессор Нурланбек Танаков, Австриядан туруктуу өнүгүү жана ESG боюнча эксперт Анна Майер, Казакстандын аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин алдындагы Пан Ги Мун атындагы Туруктуу өнүгүү институтунун директору, PhD Диляра Урманова жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин өкүлү Элима Каралаева куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.

Пленардык жыйында жогорку билим берүү мекемелеринде Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу, илимий изилдөөлөрдүн ролу, жашыл университет концепциясы, туруктуулук рейтингдери жана билим берүү программаларына SDGs принциптерин интеграциялоо маселелери талкууланды.

Форумдун жүрүшүндө Ош технологиялык университетинин Институционалдык аналитика жана маркетинг бөлүмүнүн башчысы Канатбек Жакыпов «ОшТУнун QS Sustainability Rankings рейтингине катышуу тажрыйбасы» аттуу баяндама жасап, университетте туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле форумдун алкагында ОшТУ менен эл аралык өнөктөш университеттердин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлуп, тажрыйба алмашуу, академиялык мобилдүүлүк жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашуулар жетишилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, туруктуу өнүгүү багытындагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү боюнча резолюция кабыл алынды. Форум практикалык тренингдер жана тармактык жолугушуулар менен улантылды.

 

АКИpress в TikTok — подпишись!?

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Закрыть  Закрыть
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть