Билим АКИpress - Алмазбек Бейшеналиев Кытайдын Шаньдун университетиннин профессордук курамына «Шанхай кызматташтык уюму көпүрө катары: Кытай менен Борбор Азиянын саясий, экономикалык жана билим берүү кызматташтыгы» аталыштагы лекция окуду.
Анда Тяньцзинде өткөн ШКУ Саммитинин күн тартиби талданып, саммит учурунда президент С.Н.Жапаров Кыргыз Республикасы ШКУ төртүнчү төрагалыгын «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге» урааны менен алып жатканы баса белгиленген.
Ошондой эле С.Н.Жапаров басым жасаган өзөктүү багыттар, алардын ичинде узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, транспорттук байланыштарды күчөтүү, санариптештирүүнү илгерилетүү жана ШКУ Жаштардын Санарип Форумун өткөрүү, «жашыл» демилгелерди өнүктүрүү жана маданий, гуманитардык жана туристтик кызматташууну бекемдөө сыяктуу демилгелерин ишке ашыруу жолдору презентацияланды.
А.Бейшеналиев бул демилгелерди ишке ашыруу үчүн ШКУнун алкагындагы университеттер кантип иш алып баруусу тууралуу 8 конкреттүү сунушун сунуштады.
Мындан тышкары, Алмазбек Бейшеналиевге «Шаньдун университетинин профессору» наамы ыйгарылган.
Перепечатка материала невозможна без согласия редакции и подписания официального договора.

