Бүгүн, 5-февралда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен «Шнейдер Электрик» жоопкерчилиги чектелген өнөктөштүк коому эки тараптуу кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту.
Россия жана КМШдагы «Шнейдер Электрик» АКнын президенти Йохан Вандерплаетсе белгилегендей, жыл сайын инженерлердин жетишсиздиги өсүшү мүмкүн.
«Жыл сайын электр энергиясына болгон талап өсүүдө. Ошондуктан энергия алуунун башка жолдорун карашыбыз керек. Адистердин жетишсиздиги өсүшү мүмкүн. Биз ар бир өлкөдөгү инженерлерди даярдаган ЖОЖдор менен кызматташууга кызыкдарбыз», - деди Йохан Вандерплаетсе.