4:15 20 мая 2018

Энелер күнүнө карата “Энелер мээрими чексиз” иш-чарасы өттү

Ош мамлекеттик университетинин Аялдар кеңеши Ош шаардык аялдар канаты менен биргеликте университетте “Энелер мээрими чексиз” аттуу иш-чара өткөрдү.

Энелер күнүнүн урматына уюштурулган иш-чарага Ош шаарында түрдүү тармактарда үзүрлүү эмгектенген аялдар, көп балалуу энелер конок катары чакырылды. Коомдук иштерде үзүрлүү эмгектенип, үй-бүлөдө уул-кыздарды татыктуу тарбиялап, коомго үлгү болгон энелер студенттер менен жолугуп, коомдо, үй-бүлөдө эненин орду тууралуу кеңири маек куруп, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

“Кече ОшМУнун Таланттар академиясынын таланттары Эламан Жалаловдун, Догдурбек Акималиевдин, Элчибек Жумабек уулунун энелер жөнүндөгү обондуу ырлары менен шаңга бөлөнүп, конок катары чакырылган энелерге атайын белектерибиз тапшырылды. Ал эми кечеде активдүү катышып, мыкты суроолорду, каалоолорду айткан студенттерге уюштуруу тобунун курамынын, кечеге катышкан дарыгер айымдардын, ЖОЖдордун Аялдар кеңештеринин, мектептердин, бала бакчалардын директорлорунун белектери берилди”, - деди ОшМУнун Аялдар кеңешинин төрайымы Гулнара Сейитказыева.

Аталган кечеге ОшМУнун студенттеринен сырткары ОшТУнун, КӨУнун студенттери да конок катары чакырылган.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть