6-июлда И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын чет элдик жарандарынын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Бүтүрүүчү - 2018” кечеси болду.
Майрамдык бүтүрүү кечеде Медакадемиянын проректору Гүлмира Жумалиева, Индия менен Пакистан элчиликтери жана декан, мугалимдер тарабынан куттуктоо сөздөрү, каалоо-тилектер айтылды.
Студенттер келишимдик негизде билим алышат. Быйылкы чет элдик бүтүрүүчү студеттердин саны 45 болсо, алардын ичинен 3 студент артыкчылык дипломдоруна ээ болушту.