8:36 18 сентября 2018

Памирден келген 2 кыргыз жигит ОшМУда билим ала баштады

Жаңы окуу жылынан тартып Памирден Кыргызстанга келген бир туугандар Турдахун уулу Абдулвакил менен Нурулхуда Ош мамлекеттик университетинде билим ала баштады.

Бир туугандар буга чейин Нарын облусундагы кесиптик лицейде компьютерди колдонуу боюнча билим алышкан. Учурда бир туугандардын улуусу Абдулвакил ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин колледжинде англис тили адистигинде билим алып жатса, Нурулхуда университеттин «Ыйман» гимназиясында 9-класста билим алып жатат.

ОшМУнун профилакториясында жашап жаткан бир туугандар жатакана, 3 маал ысык тамак менен камсыз болушуп, билим алууга толук шарттар түзүлгөн.

Абдувакил Турдахун уулу 19 жашта. Ал эми анын иниси Нурулхуда Турдахун уулу 16 жашта. Ага-ини буга чейин Ооганстанда орто билимге ээ болгон.

«Биз Кыргызстанга келгенге чейин Ооганстандын борборундагы мектептерден билим алганбыз. Нарында кыргыз тилин үйрөнүп, компьютерди колдонуу боюнча билим алдык. Англис тили сабагына кызыгуубуз жакшы, ушул багытта билимимди тереңдетсем деп аракеттенем. Ош мамлекеттик университети биздин билим алуубузга шарттарды түзүп берди, ушул ишеничтерди аткарып жакшы билим алууга аракеттенем. Үй-бүлөдө 9 бир тууганбыз. Агам экөөбүз бир бөлмөдө жашап жатабыз. Окуу жай жакшы шарттарды жаратып берди, бул жерден башка балдар менен таанышып, пикир алышып жатабыз. Ош шаарынын абасы жылуу экен, бизге аябай жакты», - деди Нурулхуда.

Белгилей кетсек, ОшМУда 2015- жылы “Чет элдик кыргыздарды изилдөө борбору” ачылган. 2016-жылы аталган борбордун атынан ОшМУнун доценти Абазбек уулу Расул атайын экспедияциянын курамында Памирлик кыргыздардан кабар алып, «ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам!» аттуу кайрымдуулук марафонунан чогулган акча каражатына алынган күнүмдүк турмушта керектелүүчү буюм-тайымдарды жеткирип келген.

Анда ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Ооган кыргыздарынан каалоочу жаштарды Кыргызстанга алып келип орто, кесиптик же жогорку билим алуусуна баардык шарттарды түзүп берүүнү демилгелегендигин Памир кыргыздарына жеткирген болчу. Учурда бул айтылган демилге ишке ашып, ОшМУ Памирден келген бир туугандарга билим бере баштады.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть