15:56 8 октября 2018

Ошто университеттин куту болгон ардагер агай-эжекелерге сый көрсөтүлдү

6-октябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде эмгектенип жаткан жана эс алуудагы 260 ардагер мугалимге жана кызматкерлерге сый көрсөтүлдү.

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө карата ар жылы салтка айланып өткөрүлүп келген иш-чара окуу жайдын ректораты, профсоюз уюму тарабынан «Жетиген» ресторанында уюштурулду. Ардагерлерге арналып дасторкон жайылып, концерттик программа тартууланып, жалпы ардагерлерге профсоюз уюму тарабынан 130 000 сомдук акчалай белектер тапшырылды.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков, профсоюз комитетинин төрагасы Абдыжапар Аккулов, ОшМУнун Ардагерлер кеңешинин төрагасы Арап Анарбаев өмүрүн, жаштыгын, эмгегин ОшМУга арнаган агай-эжекелерди, кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, ден соолуктары чың, өмүрлөрү узун болуусун, университеттин ийгиликтеринде дайыма баш болуп, калыс пикирлерин айтып, жаштарга өрнөк болуп жүрүүсүн тилешти. Иш-чарага катышкан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилигинин орун басары Кудайберди Кожобеков министрликтин атынан жана жеке өзүнүн атынан ардагер мугалимдерди куттуктады.

Ардагерлер жүргүзүлүп жаткан алгылыктуу иштерге ийгилик каалап, ак баталарын беришти.

Кеченин алкагында ОшМУнун Ардагерлер кеңешин 6 жыл аралыгында татыктуу жетектеп келген профессор, дайыма жалпы жамаатты ынтымакка, биримдикке үндөп, ардагерлердин атынан кеп-кеңешин айтып келген Арап Анарбаевге ыраазычылык сөздөр айтылып, университеттин атынан 25 миң сом өлчөмүндөгү сыйлык тапшырылды.

Майрамдык кече Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алыбаев, обончу жана аткаруучу Түмөнбай Кодошов баш болгон ОшМУнун таланттуу агай-эжекелеринин, студенттеринин концерттик программасы менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть