Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана кызматкерлери ортосунда тогуз коргоол боюнча мелдеш өтүп, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Оюн «Ден соолук - 2019» кышкы спартакиадасынын алкагында өткөрүлүп, анда жалпы 6 команда ортосунда таймаш жүрдү.
Спартакиаданын башкы калысы Курманбек Ажибаевдин айтымында, тогуз коргоол оюнуна Педагогика жана маалымат технологиялар факультети, Медицина факультети, Экономикалык-юридикалык факультети, Табигый-техникалык факультети жана кенже тейлөөчү персоналдан төрттөн катышуучу ойноп, жалпы 12 эркек, 12 аял болду. Спорттун бул түрүнөн күчтүүлөрү аныкталып, төмөнкүлөр жеңүүчү аталды:
Эркектер арасында:
1-орун – Медицина факультети (МФ)
2-орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети (ПМТФ)
3-орун – Экономикалык-юридикалык факультети (ЭЮФ)
Аялдар арасында:
1-орун – Педагогика жана маалымат технологиялар факультети (ПМТФ)
2-орун – Табигый-техникалык факультети
3-орун – Экономикалык-юридикалык факультети (ЭЮФ).