17:33 11 сентября 2019

Ысык-Көлдө өткөн эл аралык спорттук мелдешке ОшТУнун спортчусу Роза Исмаилова 2-орунду камсыз кылды

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында 2019-жылдын 4-12-сентябрь күндөрү XIII Ысык-Көл спорттук оюндары өткөрүлдү. Аталган иш-чара «Азия — байланыш жана тынчтыктын аймагы» деген ураандын астында уюштурулуп, бул оюнга Кыргызстан, Монголия, Россия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстандан келген командалар катышты.

«Спорттук мелдешке ОшТУнун спортчусу Роза Исмаилова стол тенниси боюнча катышып, 2-орунду камсыз кылды. Бул биз үчүн өтө чоң сыймык», - деди дене тарбия кафедрасынын ага окутуучусу, стол тенниси боюнча машыктыруучу Акыл Каримов.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×

up

Закрыть Закрыть