2019-жылдын сентябрь айынан баштап Ош технологиялык университетинин мектеп-лицейинин окуучуларына ысык тамак-аштар уюштурулуп, берилүүдө.
Бул демилгени мектеп-лицейдин окутуучулар жамааты көтөрүшүп, окуу жайдын жетекчилиги жана ата-энелердин колдоосу менен уюштурулуп жатат. Бүгүнкү күндө мектеп-лицейде 70тен ашуун 8-9-10-11-класстардын окуучулары билим алышат. Алыскы райондордон келген окуучулар жатакана менен камсыз болушкан. Жакынкы күндөрү жатаканада жашаган лицейдин окуучулары үчүн кечки тамак-аш уюштуруу пландалууда.
Иш-чаранын негизги максаты – окуучулардын сабакка болгон ынтызарлыгын жогорулатуу жана ден соолугуна кам көрүү.