И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата «Кыймыл менен сүйлөгөн, кыргыз бийин үйрөнөм» аттуу флешмоб уюштурулду.
Ошондой эле университеттин фойесинде дубал гезиттердин галереясы ачылып, «Эң мыкты дубал гезит» сынагы өткөрүлдү. Эртең менен окутуучулар менен студенттерди майрамдык маанайда таттуу даамдар менен тосуп алышты.
Иш-чараны улук окутуучулар Осмон кызы Жылдыз менен Дилбар Рысбекова алып барышты.