15:50 6 декабря 2019

ОшМУнун жамааты менен студенттери мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам беришти

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков жана социалдык жана тарбия департаментинин директору Оёнбек Абдрахманов, ОшМУнун жаштар комитети жана студенттик акыйкатчы аппаратынын катышуусунда Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүндө атайын жолугушуу уюштурулду.

ОшМУнун ректору студенттердин ал-акыбалын, окууларындагы жетишкендиктерин, жашоо шарттарын сурап, бул багытта пикир алышты. Ошондой эле университет бардык студенттерди камкордукка аларын жана колдоо көрсөтүп келерин кошумчалады. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер тарабынан айтылган сунуштар эске алынарын айтты.

Жолугушууга катышкан 22 студентке ректорат тарабынан материалдык жардам көрсөтүлдү, ал эми студенттик акыйкатчы аппараты учкул сөздөр жазылган шириндиктерди белек кылышты.

Ушундай эле иш-чара ОшМУнун профсоюз уюму тарабынан да өткөрүлдү. Окуу жайда эмгектенген 35 окутуучуга, көмөкчү кызматкерлерге акчалай жардам берилди. Профсоюз уюму ага улай Ош шаарындагы көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын атайын адистештирилген мектеп-интернатына да материалдык жардам көрсөттү.

Ал эми ОшМУнун жаштар комитети студенттер менен биргеликте Кара-Суу районундагы Атайын дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатынан кабар алып келишти. Балдарга майрамдык кече тартуулап, күндөлүк керектелүүчү каражаттарды, шириндиктерди, тамак-аш азыктарын, жылуу кийим-кечелерди белек кылышты.

Белгилей кетсек, жыл сайын университетте атайын түзүлгөн комиссия иштеп, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге категорияларына жараша окуу төлөмдөрүнөн жеңилдиктерди берип келет.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть