17:51 9 декабря 2019

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековдун Кытайга иш сапары башталды

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган жамаат Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Үрүмчү шаарында Синьцзян педагогикалык университетинин ректору Пархат Жалал менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда Пархат Жалал Кудайберди Кожобековду ректорлук кызматка келүүсү менен куттуктап, ОшМУ менен Синцзян педагогикалык университетинин кызматташуусун мындан ары да өнүгүп, жаны денгээлге чыгарына ишеним билдирди. К.Кожобеков эки окуу жайдын ийгиликтүү кызматташуусуна токтолуп, ОшМУ мындан ары да бул окуу жай менен өнөктөштүктү күчөтүүгө көңүл бурарын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ОшМУнун Конфуций институтунун директору Токтосун Айтикеев институттун 2019-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама жасады. Андан соң эки тарап Конфуций институтунда 2020-жылда аткарылчу иш-аракеттерин талкуулап, иш планын бекитип беришти.

Ректор К.Кожобеков Синцзян педагогикалык университетинин ректору Пархат Жалал менен жолугушуудан кийин ОшМУнун докторантура жана магистратурада билим алып жаткан окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Студенттер ректорду тосуп алышып, окуу жайдагы шарттар, жашоо шарттары менен тааныштырышты. К.Кожобеков өз сөзүндө ОшМУну бүтүп, чет жерге чыгып билим алып жаткан студенттер менен сыймыктанарын билдирип, аларга окууларында ийгилектерди каалап, окууну мыкты аяктап, өз мекенибизге кайтып келип, өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошоруна ишенерин билдирди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть