13:03 14 декабря 2019

Улуттук адабтият күнүнө карата КМКТАУда жолугушуу уюштурулду

Адабият күнүнө карата 10-декабрда Н.Исанов атындагы КМКТАУ КЫргыз мамлекеттик курулуш, технкика жана архитектура университетинин С.Жусуев атындагы Мамлекеттик тил борборунда адабий жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналып жазылган «Ак жарыктын айыкпаган сыныгы» аттуу романдын автору, жазуучу жана котормочу Самсак Станалиев чакырылган. Автор бул чыгармада Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын романга айландырып, трилогия жанрында жазган. Роман 2018-жылы жарык көргөн.

Алгач иш-чараны С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борборунун жетекчиси, филология илимдеринин кандидаты, доцент К.Жумакадырова ачып берип, китептин автору менен кыскача тааныштырды. Андан соң С.Станалиев катышуучуларга чыгарманын жазылып калуу себептерин, таржымалын толук баяндап берди. Бул жолугушууга КМКТАУнун илимий иштер боюнча проректору Н.Маданбеков, каржы-экономика жана чарбалык ишмердүүлүк боюнча проректору П.Жолболдуев, мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректор Т.Болотов, окутуучулар, студенттер катышып, кызыктуу маалыматтарды алышты.

Жолугушуунун катышуучулары менен С.Станалиевдин ортосунда кызуу талкуу жүрүп, ал Ч. Айтматовдун өмүрүнө байланыштуу көпчүлүккө белгисиз окуялар, фактылар жөнүндө айтып берди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть