Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3 студенти президенттик стипендия алышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү 31 жогорку окуу жайдын 74 студентине мыкты окугандыгы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн мактоо баракчасын жана 50 миң сом өлчөмүндө стипендия тапшырды.
Стипендиаттардын арасында ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин студенти Назира Бешкемпирова, экономикалык-юридикалык факультетинин студенти Наргиза Махамаджанова, педагогика жана маалыматтык технологиялар факультетинин студенти Клара Эсенбаева бар.