12:02 20 февраля 2020

ОшМУнун ректору тышкы мобилдүүлүктөн өтүп келген студенттер менен баарлашты

18-февралда 2019-2020-окуу жылынын 1-семестринде мобилдүүлүк боюнча Чехиянын, Түркиянын, Кытайдын, Россиянын, Кореянын, Казакстандын сыяктуу өлкөлөрдүн 44 университетинде окуп келген студенттер менен ректор Кудайберди Кожобеков жолугушту. Алгач эл аралык байланыштар департаментинин башчысы Абдыганы Абдувалиев эл аралык байланыштар багытында жасалып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Иш-чара дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларынын билим берүү жаатындагы мыкты тажрыйбаларын ОшМУда жайылтуу, студенттердин чет өлкөлөрдөн алган таасирлерин башкалар менен бөлүшүүсүнө шарт түзүү, академиялык мобилдүүлүк прогрограммаларын пропагандалоо максаттында уюштурулду.

Ректор Кудайберди Кожобеков өз сөзүндө академиялык мобилдүүлүк билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошуп, студенттин өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө, тил үйрөнүүсүнө түрткү болуу менен учурдун актуалдуу талабына айлангандыгын белгиледи. Ошондой эле ал университеттин ТОП-700гө кирүү сыяктуу стратегиялык максаттарынын эң негизги критерийи катары студенттик алмашуу саналарын, андыктан негизги иш-аракеттер өнөктөштөр менен болгон келишимдердин жана гранттык орундардын санын көбөйтүүгө жумшалып жаткандыгын кошумчалап, студенттерди мобилдүүлүккө катышуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды куратордук сааттарда башкаларга айтып, факультеттердеги жыйындарда презентациялап коомчулукка жайылтууга чакырды.

Жыйында студенттерге дагы расмий сөз берилип, алар сырткы окуу жайлардын билим берүү системасы, аларда түзүлгөн шарттар, жатаканадагы жашоолору, шаарларга болгон саякаттары туурасында айтып беришти жана өздөрүнүн сунуштарын билдиришти. Иш-чара суроо-жооп, талкуу менен коштолду.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть