Кадамжай районунун Майдан айыл аймагындагы №11 Исфайрам орто мектебинин жамааты үчүн аралыктан окутуу кыйынчылык жараткан жок.
Өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу учурда директордун тарбия иштери боюнча орун басары класс жетечилер менен биргеликте окуучулар арсында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата аралыктан көркөм окуу, сүрөт тартуу, монолог айтуу, обондуу ырларды аткаруу боюнча сынактарды өткөрүп жатышат. Ошондой эле онлайн түрүндө «Өлбөс полк» акциясы өткөрүлдү.