10:41 12 мая 2020

ЖАМУда окумуштуулар кеңеши онлайн форматта өткөрүлдү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар курамынын окумуштуулар кеңеши болуп өттү. Кеңеш Zoom плаформасы аркылуу онлайн түрүндө уюштурулган.

Окумуштуулар кеңешинин катчысы Нусупова Розанын айтымында, күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

- Дистанттык окутуу учурундагы окуу процессинин графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

- Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун иш багыттарынын жалпы абалы жана анын келечектеги милдеттери жөнүндө;

- Кабыл алуу комиссиясынын жаңы 2020-2021-окуу жылына карата кабыл алууга даярдыгы жана милдеттери;

- Жоболорду бекитүү жана айрым жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү;

- Видеосабактарды даярдоонун тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү;

- Дистанттык технологияларды колдонуу менен сырттан окуу формасындагы студенттердин жетишүүсүн жана билим сапатын баалоо жөнүндө жобону бекитүү;

- ЖАМУнун кызматкерлерин аттестациялоо жөнүндөгү жобого өзгөртүү киргизүү;

- Аралыктан өткөрүлүп жаткан практиканын отчетун кабыл алуу тартибине көрсөтмөлөр (ӨК шартында) бекитүү.

- 2020-2021-окуу жылына талапкерлерди кабыл алуу комиссиясынын жоболорун бекитүү;

- Эл аралык байланыштардын абалы жана милдеттери жөнүндө.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть