10:57 18 мая 2020

ЖАМУда профориентация иштери жүрүп жатат

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин педагогика жана маалымат технологиялары факультетинин профессору Ш.Ниязалиев атындагы «Философия жана гуманитардык илимдер» кафедрасы тарабынан профориентация иштери жүрүп жатат.

Бул багыттагы «Бүгүнкү максат – келечекке койгон кадам» деп аталган онлайн иш-чара үстүбүздөгү жылдын 14-май күнү болуп өттү. Онлайн конференция колледждин бүтүрүүчүлөрү үчүн уюштурулду.

Аталган кафедранын башчысы Гүлжамал Токтогулова талапкерлерге бакалавр даражасы жана анын келечекте өз ордун табууга тийгизген таасири боюнча кеңири маалымат берип, ийгилик каалап өттү.

Кафедранын окутуучусу Ырыскүл Кожоназарова социалдык иш багыты боюнча кеңири маалымат берди жана талапкерлер тарабынан берилген суроолорго жооп берди.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
Фотоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть