Ош технологиялык университетинин студенттери Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык маданият башкармалыгы жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулган «Тил кадыры — эл тагдыры» аталышындагы республикалык сынакта жеңүүчү аталды.
Сынак Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн.
Ырдоо боюнча ОшТУнун студенттери Мамасалы уулу Нурмухаммед, Бегалы Капаров, бийлөө боюнча окуу жайдын бийчи кыздары 1-орунду алып, жеңүүчү деп табылды.