2020-2021-окуу жылынын башталышына карата Кадамжай районундагы №11 «Исфайрам» орто мектебинде бир топ иштер пландаштырылып, жакшы жолго коюлду.
Мектептин жалпы жамааты медициналык кароодон өтүп, окуучуларга аралыктан билим берип жатышат.
Ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 2-11-класстар аралыктан окуп, 1-класстар үчүн Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан берилген көрсөтмөлөр боюнча шарттар түзүлүп, иш аланап барылууда. Мугалимдер да заман талабына ылайык, компьютердик билимдерин жогорулатуу үчүн атайын тездетилген курстан өтүштү.