13:56 17 октября 2020

ОшТУда профессор Расул Узенбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык илимий-практикалык онлайн конференция өткөрүлдү

М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде белгилүү окумуштуу-бухгалтер, экономика илимдеринин доктору, профессор Узенбаев Расул Аширбековичтин 60 жылдыгына арналган «Санариптештирүү контекстиндеги бухгалтердик эсеп, талдоо жана аудиттин абалы: көйгөйлөр жана өнүгүүнүн келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык онлайн конференция өттү.

Конференциянын уюштуруучулары - Ош технологиялык университети, Борбор Азия өлкөлөрүнүн бухгалтерлеринин жана аудиторлорунун Ысык-Көл форуму, Ош мамлекеттик университети.

Улуу окумуштуу-бухгалтер, ОшТУнун «Бухгалтердик эсеп жана автоматика» кафедрасынын негиздөөчүсү жана мурдагы башчысы Р.Узенбаевдин элесине арналган салтанатка Россиядан жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн: Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан мамлекеттеринен белгилүү окумуштуулар, жаш аспиранттар, магистранттар, докторанттар, ЖОЖдордун ректорлору, ошондой эле Кыргызстандыг Жогорку аттестациялык комиссиясынын жана Мамлекеттик финансылык көзөмөл кызматынын төрагасы, ЖОЖдордун окутуучулары, студенттери, Р.Узенбаевдин туугандары жана анын үй-бүлөсү катышты.

Окуу жайда «Бухгалтердик эсеп жана аудит» кафедрасынын базасында атайын кеңсе жана экономика илимдеринин доктору, профессор Расул Узенбаев атындагы инновациялык изилдөө борбору ачылып, эл аралык илимий-практикалык онлайн конференциянын журналы жарык көрдү.

Автордун стилистикасы жана грамматикасы сакталды
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалы
×

Вход


Забыли пароль - восстановить

Нет аккаунта - создать

регистрация

Уже есть аккаунт? - войти

Восстановление

Уже есть аккаунт? - войти

up

Закрыть Закрыть